Жаңылыктар
Бишкек мэриясы 4-чейректе кайсы класстар мектепке барып окуй турганын айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы 4-чейректе кайсы класстар мектепке барып окуй турганын айтты

Бишкекте 1-апрелден тарта 1, 2, 3, 4, 5, 9, 11-класстын окуучулары кадимки тартипте мектепке барып окушат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ал эми калган 6, 7, 8, 10-класстар борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 4-чейректин окуусун онлайн түрдө уланта турганы кошумчаланды.

Мэрия Бишкек шаарындагы 87 бала бакчанын ичинен 78инде 4 336 бала тарбияланып жатканын белгиледи. Вице-мэр Айжан Чыныбаева Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны өсүп, эпидемиологиялык кырдаал начарлап жатканын билдирген.