Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев: "Шайлоо тагдыры элдин гана колунда"
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев: "Шайлоо тагдыры элдин гана колунда"

Президент Алмазбек Атамбаев Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Алмазбек Атамбаев БШК жаңы курамынын алдында күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жана 2017-жылдагы Президенттик шайлоону адилет жана ачык өткөрүү милдети турганын белгиледи. 

«Шайлоолордун ченемдик-укуктук базасын замандын талаптарына шайкеш келтирүү, ал эми шайлоолорду өткөрүү практикасын жана шайлоо комиссияларынын ишин жакшыртуу үчүн мындан ары да бардык аракеттерди көрүү керек. Шайлоолордо ачык жана атаандаштык шарттар түзүлүп, заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык-айкындуулук, адилеттүүлүк жана тазалык принциптерине ылайык өтөөрүнө кепилдик болушу зарыл», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоодо буга чейин жасалган иштерди мындан ары да бекемдөө керек. “Алдыда боло турган шайлоолор биздин өлкөбүздө шайлоолор ачык жана адилеттүү өтөөрүн дагы бир жолу ырастоого тийиш. Шайлоонун тагдыры элдин гана колунда экенин баары билишсин», - деди Алмазбек Атамбаев.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118