Жаңылыктар
Шахматка кызыккандар көбөйүүдө
Спорт
Шахматка кызыккандар көбөйүүдө

Бүгүн Кыргызстанда эл аралык шахмат күнү белгиленүүдө. Ага карата өлкөнүн шахмат федерациясы кыргыз журналисттери үчүн атайын мастер-класс уюштурган. Ага белгилүү шахмат оюнчусу, Россия гроссмейстери Константин Сакаев катышып, журналисттер менен шахмат ойноду. 

Иш-чаранын алкагында бүгүн депутаттар, жаштар жана профессионалдык оюнчулардын арасында мелдештер өтүп, Кыргызстандагы шахматтын абалы, аны өнүктүрүү жолдору талкууланат. 

Кыргызстан шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун айтымында, учурда өлкөдө спорттун бул түрү жакшы өнүгүп келе жатат. Акыркы кездерде өлкө жетекчилиги тарабынан да шахматты колдоо боюнча бир катар демилгелер бар экенин билдирди. Аны менен бирге учурда балдарын шахматка берүүнү каалаган ата-энелер көбөйгөнү, спорттун бул түрү жакынкы келечекте деңгээлге алып чыгары белгиленди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118