Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн, демилгечи топтун жарандар менен жолугушуусу Теңир-Тоо жергесинде өттү. Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы өзгөртүүлөр талкууланып, сунуш-пикир иретинде талкуу жүрдү.
Элдик курултай институтунун киргизилиши талкуу жаратты. Курултай элдик көзөмөлдөөчү, кеңеш берүүчү форманы камтып, көз карандысыз жана тарапташ эмес болууга милдеттүү дешет чогулгандар.