УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Сох анклавына чектеш жашаган эл менен жолугушту. Анда мамлекеттик чек ара маселеси боюнча Ташкенттеги биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Буга чейин чыр-чатактарга себеп болуп келген Чечме булагы мурдагыдай келишимде калды. Кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилди,- деди УКМКнын төрагасы.