Кыргызстан менен Тажикстанды, Афганистанга Пакистанга электр тутумдары аркылуу байланыштырууга багытталган "CASA-1000" долбоору ишке кирди. Долбоордун алкагында Кыргызстанда электр түйүндөрү апрель айында тартыла баштайт. Иш алгач Баткен облусунда башталып, кийин Ош, Жалал-Абад облустарында улантылат.
Өлкөдөгү эң ири делген CASA-1000 энергетикалык долбоорунун алкагында электр аба чубалгыларынын курулушу башталуу алдында. Долбоор Борбордук Азия энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия - Кыргызстан менен Тажикстанды Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.