Медицина каражаттарынын көргөзмөсүнө Өзбекстандын фарм компаниялары да активдүү катышууда. Зафар Нуриддинов коңшу өлкөнүн дары дармек өндүргөн ишканасынын экспорт боюнча менеджери. Компания көбүнесе инфекциялык ооруларга каршы антибиотиктерди өндүрөт. Өзбекстанда мол тажрыйба топтогон ишкана жакын арада Кыргызстан менен келишим түзүп, иш алып барууну көздөөдө.