Бишкек шаарында офтальмологдордун симпозиуму болуп өттү. Анда Америкадан келген дарыгерлер көздүн чел кабыгын алмаштыруудагы жаңы ыкмалар менен тажрыйба бөлүштү. Чет элдик адистер жакынкы күндөрү кыргызстандык 8 адамга операция жасайт, анын үчөө акысыз.
Жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан көз догдурлар чогулган. АКШлык дарыгерлер өнүккөн технологиянын жардамы менен көрүүсү начарлаган адамдарга жардам берүү боюнча кеңири түшүндүрмө беришти. Дүйнөдө 70тей өлкө менен кызматташып келе жаткан бул клиника Кыргызстандык кесиптештерине жаңыча дарылоо ыкмасы менен бөлүшөт.