Жаңылыктар
Өз ишинин устаты. Аравандагы үй-бүлөлүк медицина борборунун улук медайымы Ханипахан Исакова
Аймак
Өз ишинин устаты. Аравандагы үй-бүлөлүк медицина борборунун улук медайымы Ханипахан Исакова

Адам өмүрү менен күрөшүп жаткан күжүрмөн дарыгерлер туурасындагы берүүлөрүбүздүн түрмөгүн улантабыз. Бүгүнкү баян Араван районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун улук медайымы Ханипахан Исакова тууралуу болот. 

Пандемиянын мизин кайтарууда өз өмүрүн тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калууга жан үрөгөн өмүр сакчылыгындагылардын бири- Ханипахан Исакова. 10 жылдан бери Араван Үй-бүлөлүк медицина борборунда улук медайым болуп иштейт.