Жаңылыктар
Кыргыз курамасынын күмүш медалга ээ болушту
Спорт
Кыргыз курамасынын күмүш медалга ээ болушту

Кыргызстандын көчө футболу боюнча кыздар курама командасы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль тагынышты. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын көчө футболу федерациясынын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти. Улуттук команда финалда Мексика курамасы менен беттешкен. 

Ага чейин кыргыз футболчулары баштапкы он оюндун тогузунда жеңишке жетишип, Индия, Шотландия, Голландия жана Чили курама командаларын чоң эсептик айырма менен утуп алышкан. Федерациянын башкы катчысы Анара Касмалиеванын айтымында, көчө футболу боюнча кыргыз курамасы 2007-жылдан бери дүйнөлүк биринчиликтерге катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. Азыркы учурга чейин оюнчулар мелдешке демөөрчүлөрдүн жана өз каражаттарынын эсебинен барып келишүүдө.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118