Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бакытбек Кудайбергенов муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери, райондордун акимдери жана активдердин катышуусунда өткөн жыйында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо таза жана тынч өтүшү керектигин белгиледи.
Ошондой эле, COVID-19га байланыштуу шайлоочулардын коопсуздугу камсыз кылынышы керек. Жыйындын жүрүшү суроо-жооп менен уланып, бир нече көйгөйлүү маселелер ортого салынды. Соңунда тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.