Жаңылыктар
«Муайтай» тай боксу боюнча Кыргыз Республикасынын XVI ачык чемпионаты аяктады
Спорт
«Муайтай» тай боксу боюнча Кыргыз Республикасынын XVI ачык чемпионаты аяктады

25-марттан 28-мартка чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) «Муайтай» тай боксу боюнча Кыргыз Республикасынын XVI ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 336 спортчу катышты. Жеңүүчүлөр жана 2-,3-орундун ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты. 

Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын «муайтай» тай боксу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.