Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.
Салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн, жер участоктун ээлери, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.