Жаңылыктар
Сенегалда төрөлгөн наристеге Каныкей ысымы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Сенегалда төрөлгөн наристеге Каныкей ысымы берилди

Сенегалда төрөлгөн наристеге Каныкей аттуу ысым берилди. Бул ат Шотландиядагы Маргарет ханышасы университетинин илимий кызматкери, Кыргызстандык Каныкей Жайлообаеванын урматына коюлду.

 Ал Сенегалга балдарды коргоо боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө барган. Коомдун мүчөлөрү менен балдарды коргоо маселелерин талкуулап жаткан учурда күтүлбөгөн жерден кош бойлуу аялдын толгоосу башталган. Бул абалда иш токтотулуп, аялдын төрөтүнө жардам беришкен. Жергиликтүү изилдөөчүлөр жаңы төрөлгөн кызга Каныкейдин ысымын коюуну сунушташкан. Ал макул болуп, кыргыздын салты боюнча көрүндүк берип, ата-энесине бул ысым кыргыздан чыккан баатыр Манастын аялынын аты экенин айтып, ал акылдуу аял болгонун түшүндүргөн. 

Азыркы тапта Жайлообаевдердин үй-бүлөсү балдардын жашоосун, билим берүү жана саламаттыкты сактоону жакшыртууга багытталган ар кандай коомдук долбоорлорду ишке ашырган эл аралык өкмөттүк эмес уюмга өз салымын кошуп келишет.