Чүй облусунун Чүй районунда кечээ, 30-март күнү саат 23:26 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымындагы Арал айылында “Mercedes-Benz Sprinter” менен “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 1991,1980-жылдары туулган 2 эркек адам жеңил жаракат алышкан. Жерине ӨКМдин өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бараткан унаанын жардамында ооруканага кетишкени маалым болду.