Жаңылыктар
Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жеңил унаа чыгарылды. Жабыркагандар жок
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жеңил унаа чыгарылды. Жабыркагандар жок

Бишкек шаарындагы Свердлов районунда 30-март күнү саат 06:28 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө Чоң Чүй каналына “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай сууга түшүп кеткен. 

Жабыркаган жана каза болгондор жок. Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, унааны каналдан чыгарууга жардам беришкен.