Жаңылыктар
АЯЛ сылык, КАТЫН деген орой сөзбү?
Маданият
АЯЛ сылык, КАТЫН деген орой сөзбү?

Кыргыз үй-бүлөсүндө жубайды аял жана катын деп атап келишет. Бирок, аял дегенди сылык деп, катын дегенди орой сөз катары кабыл алып, аны көп пайдаланбай жатабыз.

Аял – аялуу нерсе. Бул буйрук этиш, зат катары пайдаланабыз. Мааниси “сен аялуу кишисиң, өзүңдү-өзүң ая! Антпесең, кор болуп каласың, сага кызыккандар көп. Этиң булуттай, пахтадай жумшак. Нуруң күндөй жагымдуу, ошон үчүн сен өзүң аянгын. Антпесең, аягы жамандык менен бүтөт.

Катын – катынгын, жашырынгын, өтө эле ачыла бербегин дегенди түшүндүрөт. Бул деле буйрук этиш. Зат катары пайдаланылат. Аял менен маанилеш. Анын синоними. Андай болгондо, эки сөздүн бирөө орой, экинчиси сылык болушу мүмкүн эмес.

Жакып Медетов.