Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында 29-март күнү саат 12:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрдү.
Аталган райондун Жолборсту айылындагы Сүйрү-Тектир, Бел-Өрүк тилкелерине баруучу, Эчкили-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду, Шынаа айылында Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука унаа жолуна орнотулган 3 даана сел суулары өтүүчү темир бетон шакекченин түбүн, Райкомол айылындагы ички чарбалык унаа жолду суу каптады. Ошондой эле Кечүү айылында Ак-Жол-Кечүү жолунун айрым жерлерин, Разан-Сай айылында Сары-Таш тилкесине баруучу ички чарбалык жолдун айрым жерлерин жана Күрп-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду кокту колоттордон келген сел суулары каптап, жол каттамына кыйынчылыктарды жараткан.
Учурда жогорудагы унаа жолдордо унаалар өтүп жатышат. Тазалоо иштерине айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылды. Тартылган техникалардын жардамында саат 19:00до тазалоо иш-чаралары толук аяктаган.