Ош облусунун Алай районунда 29-март күнү Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-чакырымындагы Талдык ашуусуна түшкөн көлөмү 14 400м3ду түзгөн кар көчкү тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 29-март күнү саат 19:20 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. 30-март күнү тартылган техникалардын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 14:00до унаа жол бир тараптуу ачылган. Учурга чейин жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.