Жаңылыктар
Айрым жогорку окуу жайларда ректорлорду шайлоо өттү
Билим
Айрым жогорку окуу жайларда ректорлорду шайлоо өттү

Кыргызстандагы айрым жогорку окуу жайларга ректорлорду шайлоо өттү. Анын жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин ректору болуп, окуу жайда өткөн шайлоодо биринчи орунду ээлеген Акымбек Абдыкалыков бекитилсе, андан  мурдараак Кыргыз медицина академиясына  жетекчини шайлоодо 3-орунга чыккан Индира Кудайбергенова тандалды. Өткөн жылы Кыргыз техникалык университетиндеги шайлоодо 3-орунду ээлеген Мураталы Жаманбаев   дайындалса, мурдараак  кыргыз улуттук университетинде да  3-орунга чыккан Адамкулова ректорлукка  бекитилген.   

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118