Жаңылыктар
Бүгүнкү күндө 130дан ашык вакцина алган адамдардын абалы жакшы — саламаттык сактоо министри
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күндө 130дан ашык вакцина алган адамдардын абалы жакшы  — саламаттык сактоо министри

Коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын биринчи эмдөөдөн 21-28 күн өткөндөн кийин алуу керек. Бул туурасында “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. 

Ал биринчилерден болуп вакцинаны алган, абалы канааттандырарлык. Айтымында, эмдөөнүн улуттук долбоору иштелип чыккан. Эмделген жаран 3 күн катары менен дарыгердин байкоосунда болот. Бүгүнкү күндө 130дан ашык адам вакцина алды, баарынын абалы жакшы. Кытай Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасын берген.