Жаңылыктар
Эмне үчүн саякатка чыгуу керек: 5 себеп
Дүйнө
Эмне үчүн саякатка чыгуу керек: 5 себеп

Эмне үчүн саякаттоо керектигин ойлонуп көрдүңүз беле? Кимдир бирөө жаңы таанышуу үчүн саякаттап жүрсө, экинчиси жөн гана деңиздин жээгинде эч нерсе жасабай жаткысы келет, дагы бирөө таң эртеден кечке чейин жаңы шаарларды жана көчөлөрдү, кызыктуу жерлерди кыдырат, башкасы соода менен алектенет... Бирок ушул максаттардын бардыгын бириктирсек, саякаттоонун негизги себеби - жаңы эмоциялар, ишеним, мотивация алуу экендигин түшүнөбүз.

Эмне үчүн саякаттоо керек?

1. Дүйнө таанымды кеңейтүү

Эс алуунун жана ызы-чуудан коргонуунун ар биринин жеке жолу бар: кимдир бирөө кечкисин сүйүктүү китеби менен, экинчиси телевизордун пульту менен, башкасы үй-бүлөсү менен сүйлөшүп эс алат. Бардыгын таштап, жаңы тажрыйба алуу үчүн жаңы жерлерге кетип калган адамдардын дагы категориясы бар. "Адамдар саякатка эки себептен барышат: бир нерсени тапкысы келгендиктен же бир нерседен качкысы келгендиктен", - деп Люси Кларктын "Деңиз күнөөлүү" китебинен цитата келтире кетели. Бул сөздөр менен макул болбоо мүмкүн эмес. Ар бирибиз эле бир кездерде үйдөн капыстан чыгып, жок дегенде эки күнгө башка шаарга же өлкөгө кетүүнү каалагандырбыз. Ар кандай адамдардын буга ар түрдүү себептери бар, бирок аны кимдир бирөө чындыгында жасайт, бирөө бул жөнүндө ойлонуп гана коёт. Статистикага таяна турган болсок, тобокелге барып, ойлогонун ишке ашыргандар бактылуу келишет.2. Өзүңдү таануу

Альберт Камю "саякаттоо эң чоң жана олуттуу илим  катары, өзүбүздү кайрадан табууга жардам берет" деген. Чындыгында эле үйдөн, тааныш адамдардан, ар кандай кадимки жана кызыксыз нерселерден алыстаганда өзүбүздү жана жашообузду жаңыча түшүнүп алабыз. Көбүнчө саякат учурунда эң туура идеялар, туура чечимдер жана укмуштуу ачылыштар эске түшөт. Жаңы нерсени күтүү жана сезүү ар дайым адамдын ой жүгүртүүсүнүн чектерин кеңейтип, тааныш нерселерди башка өңүттөн кароого жардам берет.

3. Абалды өзгөртүү

Биз күнүмдүк жашоодо бардык нерсени кылдаттык менен көзөмөлдөп турабыз, күндөлүккө максаттарды жана милдеттерди кылдаттык менен жазып, электрондук почталарды жана социалдык тармактарды текшеребиз. Ошентип окшош күндөр, жашообузда жаңы же күтүлбөгөн эч нерсе жок. Ал эми сапарда эс алып, ар нерсенин өз нугуна түшүшүнө жол берүүгө мүмкүнчүлүк болот. Албетте, саякатта жүрүп дагы, бардыгын ойлонгонго жетишкендер адамдар да бар.

4. Жакшы жакка өзгөрүү

Саякаттап, биз керексиз нерселерден арылып гана койбойстон, көз карашты дагы кеңейтебиз. Биз сапардан эч качан мурунку адамдардай болуп кайтып келбейбиз. Кадимки ыңгайлуулук аймагынан чыксаңыз, ал сөзсүз түрдө кеңейе баштайт, балким, жакын арада бүт дүйнө сиздин ыңгайлуулук аймагыңызга айланат! Көп саякаттап жүргөн  чыгармачыл кесип ээлерин билсеңиз керек. Алар үчүн саякат бир турмуштук зарылчылык, айлана-чөйрөнү өзгөртүп, өздөрү үчүн мурда белгисиз нерсени таап, жаңы жетишкендиктерге шыктануу. Бул эреже баарына тиешелүү, анткени жаңы эмоциялар адамдын жашоосун өзгөртүп салышы толук мүмкүн.5. Эмоциялар

Сиздин жашооңузга жаңы ачылыштар, эмоциялар жетишпей жатканын ойлонуп көрдүңүз беле? Ооба, сиз киного же театрга барып жүрсөңүз керек. Бирок бул нерселер көнүмүш болуп калгандыктан, кызыгуу да азыраак болот. А эгер сиз өзүңүз болуп көрбөгөн өлкөгө барсаңыз, бөтөн элдердин маданияты менен таанышып, үрп-адаттарын билсеңиз түп-тамыры менен сизди өзгөртө турган жаңы таасирлерди аласыз. Дүйнө таануу менен, сиз өзүңүздү таанып-билесиз.Демек, эмне үчүн саякаттоо керек? Эч нерсеге карабастан өзүңдү эркин жана күчтүү сезүү үчүн. Мурда болуп көрбөгөндөй ачылыштарды ачуу, жаңы жана кызыктуу нерселерди билүү, шыктануу жана ынануу үчүн. Деңиз жээгинде эң сонун күндүн батышын көрүү жана буга чейин түйшүк жараткан көптөгөн майда көйгөйлөргө караганда бул маанилүү экендигин түшүнүү үчүн. Жашоодогу көйгөйлөр биздин башыбызда гана экенин билүү үчүн. Кооздуктуктарга суктанып, ыраазычылык билдирүү үчүн.

Албетте, чет өлкөгө чыгуу сиз үчүн кыйын болсо, азырынча өз жериңиздин кызыктуу жерлерин кыдырып көрүңүз. Кыргызстанда дагы кооз жерлер абдан көп. Каражатыңыз дагы, мүмкүнчүлүгүңүз дагы жетет. Баары каалоодон башталат!Дүйнө - бул китеп, ал эми саякаттабагандар биринчи бетин гана окуганга жетишишет.