Кыргызстандын муфтийин шайлоо эки айга жылдырылды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинен кабарлашты. Аалымдар кеңешинин 30-марттагы чукул жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайы 29-майга жылдырылды.
"Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин кызмат ордуна, Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү көп убакытты талап кылаары, чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болду", - деди Аалымдар кеңешинин маалымат кызматы.
Ошондой эле, айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолто болгон. Бул иштерге тиешеси бар, мыйзамсыз аракеттерди жасаган жарандарга укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлмөкчү.
Мындан улам, чукул жыйын өткөрүү чечими кабыл алынган. Аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү аймактарда жашагандыктан, жыйын онлайн өткөрүлдү.