Жогорку аттестациялык комиссияны төрайым Бакыт Тыналиева жетектеп турган учурда сапаттуу жана жемиштүү иштер аткарылды. Акыркы 3 жылда диссертациялык жана эксперттердин кеңеши ачык иштеп, комиссия электрондук форматка өткөн жана сайты түзүлгөн. Ошондой эле илим изилдөөчүлөргө кандидат, доктор даражасын татыктуу алуу талаптары коюлду.
Илимий жактан алсыз, эптеп жазылган диссертациялар өтпөй турган болду. Талап боюнча илимий макаланын экөө эл аралык журналдарга жарыяланышы керек. Ал эми плагиат, же уурдап көчүрүп алынды деп табылган диссертациялар артка кайтарылат, ал эми диссертация даярдаган кандидаттын илимий жетекчиси “кара тизмеге” кирет. Мындай талаптардын баарын жетекчи Тыналиева киргизди.
Жогорку аттестациялык комиссиясынын иш жамааты төрайымдын ишмердүүлүгүн колдоп, мындан ары биргеликте иштөөгө даяр деп билдиришти Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун мүчөлөрү. Алар буга чейин ЖМКлардын биринде тараган Бакыт Тыналиевага карата -Жогорку аттестациялык комиссиясынын кызматкерлери жетекчисине каршы чыккан деген маалыматтар чындыкка дал келберин айтышты.
“Бакыт Тыналиеванын жетекчилиги астында мыкты, сапаттуу иштер арбын аткарылды. Бир катар өзгөрүүлөр киргизилди. Мындан ары илим изилдөөчүлөргө, кандидат, доктор даражасын алуу үчүн көп эмгектениш керек болот. Эки макаласы эл аралык журналдарга жарыяланышы керек. Кыргызстанда профессор даражасын алуу да оңой болбой калды. Ал учун да макалалар эл аралык журналга жарыяланышы керек. Аны менен бирге эки илимдердин доктору же кандидатты даярдоого милдеттүү", - деди Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун мүчөсү, физико-математика илимдеринин доктору Болотбек Бийбосунов.
“Ушундай оң өзгөрүүлөргө карабай каршы чыккан тараптар пайда болгондугу өкүнүчтүү. Жогорку аттестациялык комиссиясынын аппаратынын 3-4 кызматкерлери төрайымга каршы чыгышыптыр, биз президиумдун мүчөлөрү алардын оюуна кошулбайбыз. Алар Тыналиевга карата жалган маалыматтарды жаап жатат. Ал эң сонун иштеп жаткан",- деп билдирди Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун мүчөсү, геологдук-минералдык илимдеринин доктору Розалия Женчураева.