Парламент Президенттин Жогорку соттун төрайымын кызматынан бошотуу тууралуу сунушун колдоду. Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушту бүгүн, 31-мартта парламентке Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жеткирген.
Сунушту 61 депутат колдоп берди, 4 депутат каршы болду. Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбоору боюнча коррупциялык ишке шектүү катары жоопко тартууга уруксат сурап, Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.