Жаңылыктар
Жарандык авиация агенттиги каттамдардын санын көбөйтүү тууралуу Россияга кайрылууларды жолдоду
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандык авиация агенттиги каттамдардын санын көбөйтүү тууралуу Россияга кайрылууларды жолдоду

Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги каттамдардын санын көбөйтүү тууралуу Россияга кайрылууларды жолдоду. Себеби каттамдардын аздыгынан Россияга авиабилеттин баасы кымбат болууда. Бул тууралуу жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев билдирди. 

Маалыматка ылайык, үзгүлтүксүз каттамдарга чектөөнү Россия тарап коюуда. Ушул тапта жумасына 6 гана туруктуу каттам бар. Буга чейин айына 30га жакын, ал эми күнүнө 3-4 каттам ишке ашырылып келген.

“Үзгүлтүксүз каттамдардын көбөйүшүн Россияда Роспотребнадзор мекемеси чечет. Кыргызстандан Россияга авиабилеттердин кымбат болушу үзгүлтүксүз каттамдардын аздыгы менен байланыштуу. Авиакомпаниялар чартердик каттамдарды гана ишке ашырып жаткандыктан чыгымдар өсүп жатат”,- деди Жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев.