Жаңылыктар
Түрк кеңеши дүйнө коомчулугу тааныган кадыр-барктуу платформага айланды - Садыр Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк кеңеши дүйнө коомчулугу тааныган кадыр-барктуу платформага айланды - Садыр Жапаров

Түрк кеңеши дүйнө коомчулугу тааныган, түрк интеграциясынын эң башкы, кадыр-барктуу платформасына айланды. Кыргызстан боордош элдердин башын бириктирген шериктештиктин аталышын “Түрк мамлекеттеринин уюму” деп өзгөртүү демилгесин толук колдойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кеңешке мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бүгүн өткөн видео-конференция форматындагы бейформал жолугушуусунда айтты. Ал Түрк интеграциялык процессин чыңдоочу жана ага жаңы дем берчү айрым бир жагдайларга токтолду.

Аталган уюмга түрк тилдүү мамлекеттер Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп эсептелет. Түрк тектүү Венгрия өлкөсү байкоочу катары катышууда. Өлкө лидерлери Казакстандын борбору Нурсултан шаарында жолугушмак, бирок эпидемиологиялык абалдан улам жыйын онлайн форматта өтүп жатат.

Түрк кеңешинин көп кырдуу ишмердүүлүгү, эл аралык аренадагы орду жана кадыр-баркы Кеӊештин расмий түрдө Уюмга трансформация болуусун талап кылууда. Ошондуктан кыргыз тарап Түрк кеӊешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүүнү колдойт. Мындай кадам уюмдун өнүгүүсүнө, эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизет, ишмердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү берет. Бул тууралуу онлайн жыйында сөз сүйлөгөн кыргыз лидери Жапаров белгиледи.