Шайлоо өнөктүгү маалында мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн ар бир аймактык шайлоо тилкелеринде ыкчам чара көрүү координациялык топтору түзүлүп, иштеп жатат. Аталган топторго республика боюнча 41 арыз даттануу келип түштү. Алардын ичинде добуш сатып алуу, административдик ресурс, коркутуу, үгүт эрежелерин бузуу, талапкерлерди жөнсүз каралоо фактылары бар.
Шайлоо алдындагы үгүт процессинде мыйзам талаптарынын сакталышына көзөмөл кылган ыкчам чара көрүү топтору ар бир аймактык шайлоо комитеттеринде уюшулган. Анын курамына Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү кирип, жарандардан келип түшкөн арыз даттануулар кабыл алынат. Ушу тапта мындай даттануулардан кырктан ашыгы каралууда.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу негизги күрөш Бишкек шаардык кеңешине жүрүүдө. Борборго бөлүнгөн кырк беш мандатка 25 партия ат салышып жатат. Ага ылайык мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгү да баш калаага туура келет. БШК төрайымы айткан 41 мыйзам бузуунун теңинен көбү Бишкек шаарында катталган.