Жаңылыктар
“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргени 2 миллион 300 миңдей жол эрежесин бузууну каттаган
Кыргызстан жаңылыктары
“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргени 2 миллион 300 миңдей жол эрежесин бузууну каттаган

Жол кырсыгын болтурбоо үчүн эрежени бузган айдоочу арыз менен мониторинг борборуна кайрылып, өндүрүштөн алып салуу талабын койсо болот. Долбоор башталгандан бери борбордун комиссиясы 7 миңден ашык жол эрежесин бузган учурду карап чыккан. Мунун 2043 күчүндө калып, 5 734 өндүрүшү токтотулган.

Карантин учурунда жарандардын өмүрүн сактоо үчүн ак халатчандарга жардам берген ыктыярчылар бузган эреженин негизинде 670 протоколдун өндүрүшү токтоду. Комиссия ыктыярчылардын коомго кылган кызматын эске алып, аларга жеңилдик берген.

“Коопсуз шаар” долбоору иштей баштагандан бери жол кырсыктарынын саны 50 пайызга кыскарды. Орнотулган камералар айдоочулук маданиятты жогорулатууга түрткү берген. Долбоорунун алкагында орнотулган камералар жогорку ылдамдык, жол белгилерин бузуу, белгишам тыюу салган кызыл жарыкка баш ийбеген, тротуар менен айдоо, тыюу салынган жерге токтоо сыяктуу жол эрежелерин каттайт.