Жаңылыктар
Талант Мамытов БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германды кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германды кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германды кабыл алды. Төрага Талант Мамытов жакында өтүүчү ири саясий окуялар тууралуу айтып берип, айрыкча 11-апрелде боло турган референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан даярдыкка токтолду. 

Төрага добуш берүү жараяндарынын ачык-айкындуулугун камсыздоо багытында улуттук жана эл аралык уюмдардын, анын ичинен БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да байкоочу катары чакырылганын кошумчалады. Өз кезегинде Наталья Герман боло турган шайлоо жараяндары калктын бардык катмарынын катышуусунда таза жана ачык-айкын өтөөрүнө ишеним артаарын билдирди. Андан сырткары, Кыргызстанда алгач ирет жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квотанын киргизилишин канаттануу менен белгилеп, айылдарда депутаттардын саны артаары күтүлүп жатканын жүйө келтирди. 

Жолугушууда, Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса мыйзамдарды ага шайкеш келтирүү маселелери боюнча сөз болду. Жогорку Кеңештин алдында мыйзамдык базаны инвентаризациялоо боюнча чоң иштер турат. Андыктан, 11-апрелден кийин демократияны өнүктүрүү жана адам укугун коргоо багытындагы мыйзамдык базаны инвентаризациялоого эксперттик жана техникалык алкакта жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.