Жаңылыктар
Тоо-кен тармагында коопсуздук чараларын камсыздоого милиция активдүү катышууга даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо-кен тармагында коопсуздук чараларын камсыздоого милиция активдүү катышууга даяр

Ички иштер министри Улан Ниязбеков тоо-кен өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен баалуу жана түстүү металдарды өндүрүүчү аймактардагы коомдук тартипти сактоону камсыздоо маселелерин талкуулады. Жолугуушунун максаты - коомдук коопсуздукту сактоодо өз ара мамилени жана кызматташтыкты жакшыртуу.

Улан Ниязбеков бул жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, тоо-кен өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Андан сырткары, баалуу жана түстүү мателдарды өндүрүүчү жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыздоого милиция активдүү катышууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда баалуу жана түстүү металлдарды өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү тоо-кен өндүрүүчү ишканаларда коомдук коопсуздукту жакшыртуу боюнча презентецияны жана адамдардын жүздөрүн таануу тутуму менен онлайн режимде иштеген видеокамералар кандай иштеп жаткандыгын көргөзүштү. Министр Улан Ниязбеков өкүлдөргө жогорудагы видеокамераларды өздөрүнүн ишканаларына орнотуу керектиги жөнүндө маселелерди кароого сунуш берип, ал тоо-кен иштетүүчү ишканаларда коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого жардам болоорун белгиледи.