Жаңылыктар
Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү
Спорт
Жаштар арасында грек-рим күрөшү  боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү

29-30-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары)  грек-рим күрөшү боюнча  жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.  

Республикалык чемпионатка өлкөнүн бардык  облустарынан  жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 200дөн ашык спортчу катышты. 

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты. 

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери менен шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот. 

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы тарабынан уюштурулду.