Жаңылыктар
Паралимпиадалык атлетчи Арстанбек Базаркулов Германиядан коло медаль менен келди
Спорт
Паралимпиадалык атлетчи Арстанбек Базаркулов Германиядан коло медаль менен келди

Паралимпиадалык атлетчи Арстанбек Базаркулов Германиядан кайтып келди. Берлинде 16-17-июль күндөрү жеңил атлетика боюнча мелдешке 52 өлкөдөн келген спортчулар ат салышып, Кыргызстандан барган спортчу ядро же чоюн түртүү боюнча мелдешке катышкан. 

Жыйынтыгында ал үчүнчү орунга татып, коло медалдын ээси болду. Ал ошентип, Рио-де-Жанейродо боло турган олимп оюндарына жолдомо алды. Андан сырткары жайкы олимпиадага паралимпиадачылар Эсен Калиев менен Жыргал Орозбаев дагы пауэрлифтинг боюнча мелдешке катышат. 

Жайкы Олимп оюндары 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 33 түрүнөн 306 топтом медаль ойнотулат. Ага дүйнөнүн 206 мамлекетинен спортчулар катышаары күтүлүүдө.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118