Жаңылыктар
«Үч чат» каналынын курулушу кайрадан жанданды
Айыл чарба
«Үч чат» каналынын курулушу кайрадан жанданды

Нарын районунда сугат суулары мол болгону менен, аны толук кандуу пайдалануу ойдогудай эмес. Кырдаалдын мындай жагымсыздыгына ирригация системасынын начарлыгы жана ага тиешелүү курулмалардын аздыгы себеп. Мунун кесепетинен тоодон түшкөн мөңгү сууларынын көбү айдоо аянттарына жетпей, жерге сиңип жок болууда. Андыктан, ушул жагымсыздыктан арылуу максатында быйыл бир катар иштер колго алынды. 

Курулушунун башталышы көпчүлүктү курсант кылган Нарын районунун «Эмгекчил» айылындагы «Үч чат» каналы кубаттуу Союз кезинде эле дыйкан кызматына коюлмак. Бирок, объективдүү жана субъективдүү себептерден улам ал толук ишке ашпай, сугат суусуна таңсыктык бүгүнкүгө дейре сакталды. 

Мына ушундай аянычтуу тагдырга кабылган бул маанилүү имараттын курулушун аягына чыгарууга эми айылдык бийлик өзү киришип, казнасынан 12 миллион сом чегерди. Анткен менен, жалпысынан 700 гектар жерди суу менен камсыздоочу каналдын наркы 23 миллион сом болгондуктан, калган каражатты табууда маселе бар.

Ошентип, эмгекчилдиктер тобокелге барып, «Үч чатта» курулушу кайрадан жанданды. Андагы куруучулар алты чакырымга созулган каналдын башкы суу бөлүштүрүүчү курулмасын бүткөрүүгө тийиш. Ошондой эле каржылоо толугу менен чечилсе, жоон түтүктөр тартылып, сугат суусунун буга чейинки текке кетүүсү тап-такыр токтомокчу.

Албетте, эмгек өндүрүмдүүлүгү өтө жогору бул техниканын пайдаланылышы өндүрүштү өркүндөтүп, курулуштун аякташын ылдамдатат. Айтмакчы, өлкөдө бул жалгыз техника.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118