Жаңылыктар
Жаңылоону талап кылган жолдор
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңылоону талап кылган жолдор

Быйыл Ысык-Көл облусунда айылдарды район жана шаарлар менен байланыштырып турган жолдордун жыйырма чакырымына жаңы асфальт жаткырылат. Айрым жол каттамдарына асфалть биринчи жолу төшөлүүдө. Учурда мындай жумуштар айрым райондордо толугу менен бүткөрүлсө, башкаларында жумуш эми башталды. 

Түп районунун Токтоян, Долон, Тасма жана Сары-Дөбө айылдарын район жана облус борбору менен байланыштырып турган жолдоруна союз ураганы асфальт төшөлгөн эмес. Айыл эли шагыл жол менен бир топ кыйынчылык тартып келчү. Акыркы төрт жылдан бери он эки чакырым жол жаңыланды.

Жолчулардын айтымында асфальт төшөө иштерине аба-ырайынын жаанчыл болуп жатканы да тоскоолдук жаратууда. Мындан сырткары асфальт жүз жыйырма чакырым алыстыктан ташып келинет. Бирок кечигүү болгон менен, жумушту сапаттуу бүткөрүүгө аракет көрүлүүдө.

Айыл жолдорун жаңылоо иштери Ак-Суу районунда толук бүттү. Ал эми Түп жана Тоң райондорунда жумуштар август айынын аягына чейин улана берет.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118