Жаңылыктар
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы Көк-Таш, Мамай айыл элдери менен жолукту
Чек ара
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы Көк-Таш, Мамай айыл элдери менен жолукту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен Көк-Таш, Мамай айылдарынын эли менен жолукту. Борбордон барган адистер элеттиктердин эзелтен бери чогулуп келген көйгөлөрүн угуп, айрым маселелерди жеринде чечип беришти.

Көп жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси акырындап чечилип келе жатканына алыскы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургундары ыраазы. Алардын көпчүлүгүн чек арага чектешкен жерлер түйшөлтөт. Негизги максат - элдин байлыгын толугу менен сактап калуу дешет.

Сабырдын түбү сары алтын. Ынтымак, биримдик аркылуу чек арадагы көйгөйлөрдүн баары чечилерин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы билдирди. Өзбекстан менен чектешкен чек арадагы айылдардын тургундары көкүрөгүндөгү көйгөйлөрүн угуп, көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн УКМКнын төрагасына жана тиешелүү адистерге ыраазычылыгын билдиришти.

Андан соң, борбордон барган топ Үңкүр-Тоонун алдындагы 80 түтүн эл жашаган Мамай айылынын тургундары менен жолукту. Чек ара боюнда жайгашкан айылдын жашоочуларына Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы тактоолор боюнча маалымат берип, буга чейин жергиликтүү эл тарабынан талап кылынып келген Үңкүр-Тоо толугу менен Кыргызстанга өткөндүгүн билдирди. Эркин, суроо-жооп иретинде өткөн жолугушууда козголгон бир катар маселелерге түшүндүрмөлөр берилип, тактоолор киргизилди.