Жаңылыктар
Күйүүчү май куйуучу жайдагы алдамчылык
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү май куйуучу жайдагы алдамчылык

Бишкектен Кара-Балта шаарына бараткан жолдогу - Бишкекпетролеум, Брент, Роснефт, Петролеум жана башка жайларда күйүүчү май толук куйулбай, кардарлар алдамчылыктын курмандыгы болууда. 

Бул боюнча айдоочулардын азыр-даттанууларын эске алган Монополияга каршы агенттик жана метрология мекемеси текшерүү жүргүздү. Күйүүчү май аз-аздан уурдалат, ар бир 10 литрден 270 граммга чейин май куйулбай калаарын эске алсак, алдамчылык кирешеси арбын эле. Текшерилген жайларга эми административдик айып салынат.

Адистердин айтымында, күйүүчү майды толук куйбай уурдап калуу көпчүлүк жайларда орун алат. Бул жолку текшерүү Петролиум мекемесинен башталды. Текшерүү үчүн 10 литр бензинди метрология кызматынын адистери сатып алды.

Андан аркы иш-аракеттер атайын белгиленген сценарий менен күтүүсүз ишке ашты. Текшерүү үчүн сатып алынган бензин - өлчөөчү идишке куйулду.

10 литр бензинге 270 миллилитр куйулбай калгандыгы белгилүү болуп, алдамчылык аныкталды. Эми бул жайдын администрациясы айып төлөп, кемчиликти жойуусу кажет.

Андан кийинки Брент май куюучу бекетте дагы күйүүчү майды толук куйбаганы белгилүү болду. Мында дагы 10 литрден 230 миллилитр кемитип калды. Бир гана Бишкекпетролеумда текшерүү ийгиликтүү болду дейин десең мында дагы 10 литрден бензинден 60 миллилитрге аз куйганы ачыкка чыкты. 

Газпромдо болсо кайра-кайра текшерүү уланды. Мында дагы 150-160 миллилитрге аз куйганы көрүнүп калды. Бирок май куюучу бекеттин администратору бензинди кайрадан куюп көрдү эле, 10 литр толук куюлду. Бул тууралуу администратор мындай деди. 

Күтүүсүз текшерүү Роснефтте да болду. Мында дагы 10 литрден 100 миллилитр аз куйганы ачыкка чыкты. Болжол менен май куюучу бекет суткасына ар бир унаадан кемитип отуруп 100 литр бензин үнөмдөйт. Бул албетте айдоочу үчүн чоң эле чыгым. Демек мындагы көз көрүнөө коррупция менен күрөшүү гана керек.

Айдоочулардын акчасын шыпырган май куюучу бекеттерге протокол түзүлдү. Эми аларды 30 миң сомдон айып пул күтүп турат. Албетте бул сумма мындай компаниялар үчүн болбогон акча.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118