Жаңылыктар
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 8 млрд сомдон ашуун суммага каржылоону бекитти
Экономика
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 8 млрд сомдон ашуун суммага каржылоону бекитти

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 8 миллиард сомдон ашуун суммага каржылоону бекитти. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү менен Чүй облусунун ишкерлеринин жолугушуусунда белгилүү болду. Жыйында фонддун өкүлдөрү ишкерлерге кандай бизнес-долбоорлорун ишке ашыруу жана каражатты кайсыл тармакка коротуу тажрыйбасын ишкерлер менен бөлүштү. Бүгүнкү күнгө чейин фонддон 300дөн ашуун жеке ишкер насыя алган.

Фонд негизинен коммерциялык эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө тиешелүү долбоорлорго артыкчылык берет.  Уставдык капиталы  500 млн доллар болсо  500 млн доллар өлчөмүндөгүсү  насыя. Түздөн түз каржылоонун пайыздык ченемдери доллар менен  7 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү.  Чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн банктар аркылуу 5 жылдын мөөнөткө жылдык пайыз 5 пайыз жана 12 пайыз өлчөмүндө насыялар берилет.

С. Идирисов, "Биринчи радио"