Жаңылыктар
Самбо боюнча Дүйнө кубогунда Азат Аманбеков алтын медалдын ээси болду
Спорт
Самбо боюнча Дүйнө кубогунда Азат Аманбеков алтын медалдын ээси болду

Самбо боюнча Дүйнө кубогунда Азат Аманбеков алтын медалдын ээси болду. Москва шаарында өткөн мелдештен келген спортчуга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын буйругу менен дагы медаль тапшырылды. 

Эске салсак, 24-27-март күндөрү самбо боюнча "Харлампиевдин мемориалы" дүйнөлүк кубогу өткөн. Ага департаменттин 4 балбаны - 64 кг салмакта Фархат Абжалиев, 58 салмак категориясында Нурсултан Уланов менен Азат Аманбеков жана 71 кг салмакта Кулбай Мусакулов катышкан.

Алардын ичинен Азат Аманбеков алтын медалга ээ болгон. Ал эки беттеште жеңишке жетип, финалда спорттун чебери, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, армениялык Григорий Мхитарянды жеңген. Ал эми Кыргызстандын курама командасы 3 күмүш, 5 коло медаль алып, командалык эсепте 3-орунга ээ болду.