Жаңылыктар
Монголия «Centerra Gold» компаниясына кен иштетүүгө уруксат бербейт
Экономика
Монголия  «Centerra Gold»  компаниясына кен иштетүүгө  уруксат бербейт

Монголиянын  Парламенти «Centerra Gold»  компаниясына  Гацуурт кенин иштетүүгө  уруксат бербей жатат. Ага өлкөнүн эколог, археологдорунун кен казылса айлана-чөйрөгө чоң зыян келет деген жүйөлөрү себеп болууда. Ал арада Кыргызстанда да ири алтын кенин иштетип келген  «Центерра» компаниясынын жаңы жетекчилиги  Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Кыргызстанга келери белгиленип жатат. 

Кошумчалай кетсек,  Центерра Голд Инк.” Компаниясы  алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү менен алектенген Борбор Азиядагы алтын өндүрүүчү компания болуп саналат.  Анын   акциялары Торонтодогу фондулук биржада жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан. Ал Кыргызстанда Кумтөр,   Монголияда Бору кенин иштетет, Түркияда болсо  Аскарс долбоорунун алкагында иликтөөлөрдү жүргүзүп келүүдө.