Жаңылыктар
Кыргызстанда сатира театрын ачуу менен куудулдарга шарт түзүү зарылдыгы айтылды
Маданият
Кыргызстанда сатира театрын ачуу менен куудулдарга шарт түзүү зарылдыгы айтылды

Өлкөнүн таланттуу куудулдары менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанга сатира театры керек экендиги айтылды. Анткени сатирадагы негизги максат - элди күлдүрүү эле эмес, тарбиялык багыты күч. 

Жоопкерчиликтүү өнөрдү аркалаган өлкөнүн таланттуу куудулдарынын сунуш-пирлерин уккан министри Кайрат Иманалиев сатиралык театр ачылышы керектигин жана куудулдарга шарт түзүп берүү башкы маселе экендигин айтты.