Жаңылыктар
Кыргызстандыктар корей маданиятын кинотасмалар аркылуу таанууда - Кайрат Иманалиев
Маданият
Кыргызстандыктар корей маданиятын кинотасмалар аркылуу таанууда - Кайрат Иманалиев

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Те Ёкту кабыл алды. Министр Кайрат Иманалиев элчиге иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Корея Республикасы Кыргызстан үчүн маданият жана искусство жаатында артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экендигин белгиледи.

Кайрат Иманалиев кыргыз элинин көпчүлүгү корей маданиятын киноиндустрия аркылуу, айрыкча кинотасмалар, сериалдар жана анимациялык тасмалар аркылуу таанып жаткандыгын, мындан тышкары, демилгелүү жаштар Кореяда чыгарылган сериалдарды сапаттуу которуп, дубляж жасоонун үстүндө иштеп жатышканын айтты.

Ошондой эле, элчи министрге элчилик кыргыз каналдарына кинопродуктыларды акысыз көрсөтүү үчүн берип жаткандыгын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчилик кыргыз тилине которуу жана корей тасмасын дубляждоо үчүн кызыкдар уюмдар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн караштыра тургандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы маданий мамилелерди өнүктүрүү максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Өз кезегинде элчи министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.