Жаңылыктар
Кыргыз - Өзбек каттамы үчүн “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды
Чек ара
Кыргыз - Өзбек каттамы үчүн “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.

1-апрелде бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул жерден эки өлкөнүн тургундары күндүзгү убакытта гана өтө алышат. Ошол эле учурда унаа менен 20 адамга жетпеген гана жүргүнчү ташууга уруксат берилет. Ал эми жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салынган.