Жаңылыктар
4-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 130 миллиондон ашык адам жуктуруп алды
Дүйнө
4-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 130 миллиондон ашык адам жуктуруп алды

4-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 130 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. 192 өлкөдө кооптуу тумоону 130 млн 665 миң 236 адам жуктуруп, анын ичинен 2 жарым млндон ашык киши каза болду. 

Коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллиондон ашты. Экинчи орунда - Бразилия өлкөсү. Инфекция жуктургандардын саны 13 миллион адамга жакындап калса, Индияда 12 миллион 392 миң адам вируска чалдыкты.