Жаңылыктар
Түркияда козголоңчуларга карата куугунтук башталды
Дүйнө
Түркияда козголоңчуларга карата куугунтук башталды

15-июлдан 16-июлга караган түнү ийгиликсиз  аскерий төңкөрүштөн өлгөндөрдүн санын түрк өкмөтү ушул дүйшөмбү күнгө карата 208 адам деп тастыктады. 145 жай тургундар, 60 полиция кызматкерлери, үчөө жоокерлер экен. 

Андан тышкары 1500гө жакын киши жарадар болушкан. Ийгиликсиз төңкөрүштөн кийин Түркияда 45 миңге жакын адам бийлик тарабынан кармалып  жумушунан бошотулду .

Алардын арасында аскерлер жана полиция кызматкерлеринен сырткары түрк бийлиги президент Режеп Тайип Эрдоганга каршы деп эсептеген мугалимдер, университеттин декандары, журналисттер бар.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118