Жаңылыктар
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нурбек Абдиев келди
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нурбек Абдиев келди

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нурбек Абдиев келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн жаңы жетекчини министр Улан Ниязбеков борбордук аппараттын жеке курамына тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады. Милициянын полковниги Нурбек Абдиев 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөп келет.