Бишкекте ит кол салган баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынынан кабарлашты.
Дарыгердин айтымында, ит баланын тизесинен ылдый бир нече жеринен тиштеп алган. Учурда ал тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Буга чейин интернетте чоң ит окуучу бала менен аялга кол салып, аларды тиштеген видео тараган. Көчөдөн өтүп бара жаткандар баланы иттен араң куткарып калышкан.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен кечки саат жетилерде Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Учурда бул боюнча иш козголуп, милиция иттин ээсин издөөдө. Баланын жаракаты канчалык экени соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот.