Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. 

Кыргызгидрометтен билдиргендей, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Чапчыма ашуусу, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу, Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы, Казарман - Актал-Чат унаа жолу, Талдык ашуусу, Сары-Таш - Дароот-Коргон - Кара-Мык жана Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.