Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту. Өлкө башчысы Памирлик кыргыздардын тарыхый мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап, эми аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.
Мамлекет башчысына Талды-Суу айыл өкмөтүнөн этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүп берилген. Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилген. Президент ошондой эле көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты.
Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоого бурду. Конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы керектиги белгиленди. Ал бул маселени иштеп чыгууну быйыл баштоо керектигин кошумчалады. Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда Садыр Жапаров калган мекендештерди ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз Мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтты — бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар. Памирлик кыргыздар өзүлөрүнүн кайрылуусун мамлекет башчысына беришти. Анда мекендештерин жылуу кабыл алып, жаңы жерге жайгашууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылыктар айтылган. Мындан тышкары, алар президенттен бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Алар Памирге барып келүүнү уюштуруу, жумуш менен камсыздоо, жаштарды окутуу жана жарандыкты берүүнү тездетүү. Көчүп келгендер Президентке ийгилик каалап, ага Памир кыргыздарынын салттуу кийимин белек кылышты.
Өз кезегинде Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдар жакынкы аралыкта жолугушууда айтылган маселелерди, анын ичинде көчүрүлүп келген памирлик кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын эртелетип берүү маселесин иштеп чыгууга кирише тургандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы Талды-Суу айылынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен да баарлашты. Алардын жер тилкелерин трансформациялоо, жер тилкелерин берүү, социалдык жөлөк пулдар, пенсиялар жана башка көйгөйлүү маселелерин укту. Садыр Жапаров жергиликтүү бийликтин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн жергиликтүү тургундар айткан маселелерди тез арада чечүүгө бурду.