Жаңылыктар
Түркияда бир суткада коронавирус жуктургандардын рекорддук саны катталды
Дүйнө
Түркияда бир суткада коронавирус жуктургандардын рекорддук саны катталды

Түркияда бир суткада коронавирус жуктургандардын рекорддук саны катталды. Тагыраагы, 3-апрелге карата өлкөдө 44 миң 756 адамдан илдет аныкталды. 

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жалпы өлкө боюнча 3 млндон ашык адам тумоону жуктуруп, алардын ичинен 32 миңден ашыгы каза болду. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары коронавирус кайрадан күч алганына байланыштуу өлкөдө 12-апрелден 12-майга чейин коменданттык саат киргизилерин маалымдашты. 

Кафе жана ресторандарга тамак жеткирип иштөөгө гана уруксат берилди. Ошол эле учурда өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын калкынын 80 пайызы жашаган 58 шаар "кызыл аймакка" киргенин айтып, коронавирустун жугуу коркунучу жогору экенин билдирди.